"Спутник V" вакцинасы тукум улоого таасирин тийгизбейт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүСпутник V вакцинасы. Архив
Спутник V вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Жазылуу
Адистер "Спутник V" вакцинасын алган 44 эркек кишинин тукум улоосуна анализ жүргүзүп, эмдөө гормондорго кандай таасир берерин аныкташкан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар "Спутник V" вакцинасы адамдын репродуктивдик системасына таасирин тийгизбейт деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Изилдөөнү Россиянын илимдер академиясынын академиги, Саламаттык сактоо министрлигинин гинекология боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Лейла Адамян жетектеген топ жүргүзгөн.

Медициналык кызматкерлер COVID-19 өлгөн киши менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Окумуштуу: вакцина COVID-19ду жуктуруп алуудан эмес, өлүмдөн сактайт
Алар "Спутник V" вакцинасын алган 44 эркек кишинин тукум улоосуна анализ жүргүзүшкөн. Алынган маалыматтар вакцина гормондордун деңгээлине жана спермограмманын көрсөткүчүнө таасир этпейт деген тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк берген. Изилдөөнүн жыйынтыгында көйгөйлөр аныкталган эмес.

Ошондой эле коронавирус менен ооруган эркектерге дарттын өзү кандай таасир этерин да аныктап көрүшкөн, натыйжада вирус эркектик уруктун сапатына терс таасир тийгизиши мүмкүн деген ойго келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0