Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу

© Фото / из личного архива Эрлана Максут уулуКММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу
КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Акыркы жылдары чет өлкөдөн боорун алмаштырууга муктаж болгон жарандар абдан көп болууда. Мунун бир себеби адамдын боорун билинбей жарактан чыгарган альвеококкоз жана эхинококкоз дарты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын хирургия кафедрасынын доценти Эрлан Максүт уулу менен эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары тууралуу маектешкен.

— Негизинен эхинококкоз оорусунун малдан жугарын айтабыз. Кененирээк маалымат берип кетсеңиз?

— Эхинококкоз (лат. Echinococcosis — ред.) — боордо, өпкөдө жана башка органдарда мителик кылуучу эхинококк личинкасын пайда кылган оору. Тамак менен кирген мите жумурткалары ичегиден канга, кан аркылуу боор, өпкөгө, мээге өтүп личинкага айланат. Ал акырындык менен өсүп, андан ыйлаакча пайда болот. Ыйлаакчалар жайгашкан органдар жабыркап, алардын көлөмү, функциясы өзгөрүп, оору пайда болот. Эхинококкоз деле мал жандыктан адамга түз эле жугуп кетпейт. Анын эпидемиологиялык чынжырчасы бар. Бул гильмент үй жаныбарларынын ичинде өнүгүп-өсөт да, сыртка чыкканда тамак-аш, өсүмдүктөр жана биз жей турган жашылча-жемиштерге жугуп калат. Адам колун жуубай, жемишти тазалабай жеп алган кезде ооруга чалдыгат. Ал эми бул оорунун экинчи түрү — альвеококкоз дарты. Бул эхинококкозго караганда кооптуу. Анткени дарылоо курсу, оорунун өрчүшү да татаалыраак болот. Ооруп жаткан адам үчүн да, дарылап жаткан дарыгер үчүн да кооптуулук жаратат.

© Sputnik / Асель СыдыковаЭрлан Максүт уулу: эхинококкоз (лат. Echinococcosis — ред.) — боордо, өпкөдө жана башка органдарда мителик кылуучу эхинококк личинкасын пайда кылган оору
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Эрлан Максүт уулу: эхинококкоз (лат. Echinococcosis — ред.) — боордо, өпкөдө жана башка органдарда мителик кылуучу эхинококк личинкасын пайда кылган оору

— Бул дарт тамак-аш аркылуу да жугат эмеспи. Кыргызстандыктар балык, шишкебек, гамбургер, стейктин түрлөрүн жакшы көрүшөт. Ошол эле сушиде да эт чийки желет. Оору жугузуу кооптуулугу канчалык?

— Абдан туура белгиледиңиз. Биз азыр адамдын ден соолугуна байланышкан чоң маселени кеп кылып жатабыз. Бирок элди чочутпаш үчүн жалпылап түшүндүрүп берейин. Шишкебек жеген кишинин баары эле ооруп калбайт. Аталган азыктарды жакшы бышырса эхинококкоз, альвеококкоз жукпайт. Анткени ысыкта эхинококк таякчалары өлөт. Бирок бул тамактарда башка да паразиттер болушу ыктымал. Алгач жеке гигиенаны сакташ керек. Көбүнчө оорулар сырттан ар кайсы жерди кармалап келип, анан тамак жегенден жугат.

Үйдө деле кой союп калганда, өзгөчө боордун сыртында ыйлаакча сымал тактарды байкап калабыз. Боорду кескенде ак өңдөгү катып калган кальцинат сыяктуу нерсе болсо, дароо аны жерге көмүп же өрттөп салуу керек. Бирок азыр касапчылар менен эл деле бул маселени билип калышты. Ветеринарлар да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мурда бузулган боорду итке таштап койчу, азыр ал көрүнүштөн деле алыс болуп баратабыз.

© Фото / из личного архива Эрлана Максут уулуЭрлан Максүт уулу: бийлик өкүлдөрү бизде да органдарды трансплантациялоого мыйзам чегинде уруксат берсе жакшы болот эле
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Эрлан Максүт уулу: бийлик өкүлдөрү бизде да органдарды трансплантациялоого мыйзам чегинде уруксат берсе жакшы болот эле

Малдын оорулуу өпкө-боорун жеген ит альвеококкозду жуктуруп алат. Анан иттин ичегисинде курттар өсүп, үч айдын ичинде чоң, жумурткалуу куртка айланат. Жумурткалары оорулуу иттин жүнүнө жабышып жашайт. Ал суу же бакча, айлана-чөйрөнү аралаганда ал жакка түшүп, ошондон адамга жугат.

Ошондой эле Көлдөн келе жаткандагы жол боюнда илинип турган балыктардан да ар кандай мите курттарды жугузуп алуу коркунучу бар.

— Эми бул оорунун белгилерине токтоло кетсеңиз. Канча убакытта билинип баштайт?

— Эхинококкоздо дарт ыйлаакча гана түрүндө болот. Анын көлөмү өскөн кезде гана боорду чоңойтуп жиберет. Ушул мезгилде оң кабырганын алды салаңдап ооруйт. Боор чоңоюп, айрым убакта киндикке жана андан ылдый түшүп кетиши мүмкүн.

Ветеринар-дарыгер Жаңылбүбү Маматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Түркияда докторантурада окуган Жаңылбүбү: курутта да зыяндуу бактериялар бар
Ал эми альвеококкоз шишик сыяктуу болот. Анын алгачкы белгилери адам алсырап, арыктап, ичкен тамагын аш кыла албай, тамакка табити тартпай калат. Өңү кубарып кетет. Альвеококкоз рак сымал организмди жабыркатат. Мунун паразиттик рак деген да аталышы бар. Бул боорду четинен жей берет. Мындай учурда орган толук трансплантацияга муктаж болуп калат. Эң жаманы бул оорудан бейтаптардын баарын сактап калуу мүмкүн болбой калгандыгында. Көптөрү оорунун белгилери байкалса да маани бербей жүрө берет. Мисалы, ооз көңдөйүнөн организмге мите курт кирип, ал күрөө тамыр аркылуу эң чоң тазалоочу орган — боорго барып түшөт. Бирок ар бир организм индивидуалдуу. Кээ бир адамдардын иммунитети жакшы болгондуктан оорунун таякчасы боордон өнүкпөй катып калат. Адам ооруп баштаган соң аны сөзсүз "үч айдан кийин төшөктөн турбай калат" деп божомолдоого болбойт. Кары адамдарда эхинококкоз личинкасы тез өнүксө, айрымдардын оорусу жылдап созулушу ыктымал. Кээ бирлеринде эхиникоккоз ыйлаакчасы кыска мөөнөттө чоңоюп кетет. Эң коркунучтуусу — бул ооруну адам өзү сезбей калгандыгында. Качан гана ыйлаакча чоңоюп кеткенде оорутуп баштайт. Илдет башында билинсе, жеңил эле сакайып кетүүгө болот. Ошон үчүн жылына бир жолу УЗИге түшүп коюу керек.

© Фото / из личного архива Эрлана Максут уулуЭрлан Максүт уулу: үйдө эт үчүн өзүнчө, мөмө-жемиштер жана нан үчүн эки башка тактай жана бычак колдонууну адатка айлантыңыздар. Бул көп ооруну алдын алат.
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Эрлан Максүт уулу: үйдө эт үчүн өзүнчө, мөмө-жемиштер жана нан үчүн эки башка тактай жана бычак колдонууну адатка айлантыңыздар. Бул көп ооруну алдын алат.

Андан тышкары, үйдө эт үчүн өзүнчө, мөмө-жемиштер жана нан үчүн эки башка тактай жана бычак колдонууну адатка айлантыңыздар. Бул көп ооруну алдын алат.

— Дарыгерлер да бул дартты аныктай албай калган учурлар болобу?

— Албетте болот. Бирок азыр медицина өнүккөндүктөн мындан 30 жыл мурункуга салыштырмалуу дартты туура аныктай албай калуу аз кездешет. Ал убакта компьютердик томография, УЗИ да жок болчу. Боордогу эхинококкоз ыйлаакчасы бир катар анализдердин жардамы менен да аныкталат. Адамдын организми өзү да күрөшкөн учурлар болот. Бизде көбүнчө атайын эхинококкозго шектенип келип көрүнгөндөр чанда, ага караганда жөн эле көрүнүп коюу үчүн келип, анан аныкталып калгандар көбүрөөк.

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-тажрыйбалык борбордун жетекчиси, медицина илиминин доктору Зуридин Нурматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Коронавирустан кутулуунун эки гана жолу бар. Вирусолог Нурматовдун маеги
Жаратылышыбыздан эле биздин организмде ар кандай паразиттер кездешет. Эхинококкоздун таякчалары организмге кирип, боорго жайгашкан кезде бейтап кошумча пневмония, коронавирус өңдүү оорулар менен ооруп, антибиотик ала турган абалга келип калган да учурлар болгон. Мында башка ооруну дарылап жатып, эхинококкоз дартынын да айыгып кеткени байкалган. Бул учурда боордогу мите УЗИден кальцинат болуп эле көрүнөт. Биз ага тийбей, эки жылдай көзөмөлдөп турабыз. Эгер ошол ыйлаакчанын өлчөмү ордунан жылбаса, ал оору токтогондуктун белгиси.

— Бул кооптуу дарт чакырган операциялардын баары эле бизде жасалабы?

— Дегеле каалаарым, бул мите курт адамга илешпесин. Ветеринариядан аттап, анан бизге жетип жатпайбы. Союз мезгилинде бир жылда альвеококкоз оорусунун 2-3 учуру катталса, бүгүнкү күнү андан эки эсе ашып жатат.

© Фото / из личного архива Эрлана Максут уулуКандидат медицинских наук, доцент кафедры хирургии КГМА Эрлан Максут уулу во время операции. Архивное фото
Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз шишик сыяктуу болот. Анын алгачкы белгилери адам алсырап, арыктап, ичкен тамагын аш кыла албай, тамакка табити тартпай калат - Sputnik Кыргызстан
1/2
Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз шишик сыяктуу болот. Анын алгачкы белгилери адам алсырап, арыктап, ичкен тамагын аш кыла албай, тамакка табити тартпай калат
© Фото / из личного архива Эрлана Максут уулуКандидат медицинских наук, доцент кафедры хирургии КГМА Эрлан Максут уулу во время операции. Архивное фото
Эрлан Максүт уулу: боордогу жара үч сантиметрге жете элек болсо, дары менен айыктырууга мүмкүн. Андан чоңоюп кетсе, анда операция жасоого туура келет - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эрлан Максүт уулу: боордогу жара үч сантиметрге жете элек болсо, дары менен айыктырууга мүмкүн. Андан чоңоюп кетсе, анда операция жасоого туура келет
1/2
Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз шишик сыяктуу болот. Анын алгачкы белгилери адам алсырап, арыктап, ичкен тамагын аш кыла албай, тамакка табити тартпай калат
2/2
Эрлан Максүт уулу: боордогу жара үч сантиметрге жете элек болсо, дары менен айыктырууга мүмкүн. Андан чоңоюп кетсе, анда операция жасоого туура келет

Альвеококкозду эки жол менен дарылайбыз. Эгер боордогу жара үч сантиметрге жете элек болсо, дары менен айыктырууга мүмкүн. Андан чоңоюп кетсе, анда операция жасоого туура келет. Тилекке каршы, бул дарт билгизбей өрчүйт, ошонусу менен коркунучтуу. Өтүшүп кеткенде рак оорусундай боордун кан тамырларына жайылып, оору мээ, өпкөгө чейин метастаз болуп өтүп кетет. Андай учурда колубуздан эч нерсе келбей калат. Боордун 30-40 пайызы таза болсо жана жүрөккө кетчү кан тамырларга жете элек болсо, операция жасоого мүмкүн. Бирок айрымдары бизге боорунун 10-20 пайызы эле таза болуп, калганында альвеококкоз курту чоңоюп кеткенде келишет. Бул учурда боорду толугу менен алмаштырыш керек. Кыргызстанда азырынча боор алмаштырган борбор жок. Ошондуктан чет өлкөгө жөнөтөбүз. Калган операциялардын бардыгы бизде жасалат.

— Органды алмаштыруу операциясы абдан кымбат экени белгилүү. Азыр чет өлкөдө операция жасатууга жардам сурагандар да абдан көбөйүп кетти...

— Негизи бул дарт менен калктын жумушка жарамдуу бөлүгү көп жабыркоодо. Бизге кеч келгендиктен көбүнчө органды алмаштырууга туура келет. Радикалдык операция жасаганга мүмкүн эмес болууда. Себеби адамдын организмине кирген альвеококкоз чоң кан тамырлардын жанына жайгашып, аны толугу менен тазалап алып салууга болбой калат.

© Фото / из личного архива Эрлана Максут уулуЭрлан Максүт уулу: алгач жеке гигиенаны сакташ керек. Көбүнчө оорулар сырттан ар кайсы жерди кармалап келип, анан тамак жегенден жугат
Дарыгер Эрлан Максүт уулу: альвеококкоз оорусу рактай эле кооптуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Эрлан Максүт уулу: алгач жеке гигиенаны сакташ керек. Көбүнчө оорулар сырттан ар кайсы жерди кармалап келип, анан тамак жегенден жугат

Трансплантация үчүн бейтаптар чет мамлекетке барууга муктаж, операция абдан кымбат. Көпчүлүктүн ага мүмкүнчүлүгү жок. Бийлик өкүлдөрү бизде да органдарды трансплантациялоого мыйзам чегинде уруксат берсе жакшы болот эле. Бейтаптарды өзүбүздө эле аман алып калууга мүмкүн болмок. Ошол эле учурда операция да арзаныраак жасалмак.

— Биздин хирургдардын мындай операцияларды жасоого тажрыйбасы жетишеби?

— Чынын айтканда, ушул жагынан билим алууну алдыга максат кылуудабыз. Эгер уруксат берилсе, албетте, толук кандуу адистер даярдалмак.

Жаңылыктар түрмөгү
0