Августтан баштап карызы барлардын газы өчүрүлөт

© Photo / Pixabay / tookapicГаз плитада турган чайнек. Иллюстративдик сүрөт
Газ плитада турган чайнек. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ишканасы карыздан кутулуу үчүн туумду кыскартып берет. Тагыраагы, август айынан баштап 31-октябрга чейин акция жарыяланды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Август айынан баштап көгүлтүр от колдонгондугу үчүн карызы барлардын газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.

"Карызы бар абоненттерге эскертүү каттары тапшырылды. Батирлерде газ берүү токтотулса, жер үйлөрдө көчө аркылуу өткөн газ өткөргүчтөр аркылуу өчүрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда компания карыздан кутулуу үчүн туумду кыскартып берет. Тагыраагы, август айынан баштап 31-октябрга чейин акция жарыяланды.

Карыз жана туум бар экенин кантип билсе болот:

  • Газдын эсеп-дүмүрчөгүн кароо;
  • "Газпром Кыргызстан" компаниясынын колл-борборуна чалуу — 4444;
  • Мобилдик чалуу (акысыз).

Каражатты Pay24, Quickpay, "Оңой", UMAI, "О!" төлөм терминалдары, компаниянын сайты жана мобилдик тиркемеси, мындан сырткары, "Элсом", MegaPay, Balance, "О!Деньги" мобилдик капчыктар, коммерциялык банк жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрү аркылуу да салса болот.

Эпидемиологиялык абал оор бойдон калганына байланыштуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы абоненттерге аралыктан төлөө жолун сунуш кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0