Жума күнүнө карата аба ырайы

© AP Photo / Eugene HoshikoЖаан учурунда кол чатыр менен аялдар. Архив
Жаан учурунда кол чатыр менен аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
13-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир аймактарда секундасына 10-15 метрге жетет.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жума күнү кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаап, жайлоолордо жаан карга айланышы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +26…+31, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +23…+28 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +29…+31, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +23…+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0