Катчы Иманкулов: диний экстремисттер абакка барыш үчүн кылмыш жасашат

© Sputnik / Андрей СтенинАбактагы киши. Архивное фото
Абактагы киши. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, буга чейин диний экстремизм менен олуттуу күрөш жүргүзүлгөн эмес. Аларды кара күч менен жеңсе болот деген жаңылыштык.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Диний экстремисттер абакка түшүү үчүн атайылап кылмыш жасашат. Түрмөгө барып алып ошол жактагыларды үгүттөшөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов тегерек столдо билдирди.

Ал ички коркунучтар тууралуу айтып жатып экстремисттик уюмдар жана алардын "уктап жаткан" ячейкалары тууралуу кеп козгоду. Иманкуловдун айтымында, бул ячейкалардын кээ бири активдешүүгө убакыт келди деп эсептөөдө. Буга тышкы таасир себеп.

"Алар менен сөз жүзүндө күрөш жүрүп келген. Диний экстремизм менен олуттуу күрөш болгон эмес. Менин жеке оюм боюнча, диний экстремисттерди кара күч менен жеңүүгө болбойт. Кара күч менен идеологияны баса албайсың. Буга туура түзүлгөн мамлекеттик идеология зарыл. Аны ким алып чыгат?" — деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Иманкулов 15 жылдык иш тажрыйбасында экстремисттик уюмдар мамлекеттен, жазадан коркпой калганын көргөнүн белгиледи.

"Экстремисттер керек болсо атайылап мыйзам бузуп, абакка отурууга аракет кылышат. Алардын негизги максаты — ошол жактагы адамдарды дагы экстремизмге үгүттөө", — деди Иманкулов.

Катчы колонияда адамдарды экстремизмге тартуу фактысы көп болгонун белгилеп өттү. Уюмдун жаңы мүчөлөрү эркиндикке чыккандан кийин жаңы ячейкаларды жана террордук уюмдарды түзүшөт. Катчы Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Жайшуль Махди" деген диний уюмду эске салды. Алар Спорт сарайында теракт уюштурган. Иманкуловдун айтымында, бул кыймылдын мүчөлөрүнүн буга чейин дин менен иши деле жок болгон. Бирок колониядан тескери таалим, окуудан өтүп, эркиндикке чыккандан кийин террордук топторду түзө башташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0