Этти канча жегенден кийин ден соолукка зыяны тие баштайт. Диетологдун кеңеши

© Фото / Pixabay/ TapisRougeЭт. Архив
Эт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Жазылуу
Дарыгер эттин айрым түрлөрүндө холестерин менен май көп болгондуктан организмге зыяндуу экенин айтып, кандай адамдар канча жеши керектигин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Акыркы жылдарда тамактануу боюнча айрым адистер этти зыяндуу деп айтып, андан баш тартууну сунуштоодо. Медицина илимдеринин доктору, диетолог, гастроэнтеролог Ирина Бережная Sputnik радиосунун эфиринде этти канча көлөмдө колдонуу пайдалуу экенин айтып берди.

"Кой менен уйдун этинде темир, В группасындагы витаминдер сыяктуу пайдалуу заттар абдан көп. Булар иммунитетти көтөрүүгө, нерв системасын жакшыртууга жана булчуңдарды бекемдөөгө жардам берет. Бир кесим эттин курамындагы темир үч килограмм алмада же бир килограмм гречкада болот", — деди адис.

Андыктан адис көп кыймылдаган, активдүү адамдарга эт көбүрөөк талап кылынарын айтат.

Стаканга суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды
"Сыртта иштеген, көп кыймылдаган же спорт менен алектенген киши компьютерде отуруп иштеген кишиге караганда көбүрөөк эт жеши керек. Дени сак чоң киши аптасына 500 граммга чейин эт жесе болот. Ал эми жүрөк-кан тамыр илдеттери же ашыкча салмагы бар кишилер мындан азыраак жегени жакшы", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында ал эттин айрым түрлөрүндө холестерин менен май көп болгондуктан организмге зыяндуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0