00:22 29 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Коом
Кыскача шилтеме алуу
264 0 0

Уюштуруучулар конкурстун шартын жарыялады. Ага ылайык, катышуучулар КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болушу керек.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. КМШ мамлекеттериндеги жаштар долбоорлорун гранттык негизде колдоо боюнча конкурска арыздар кабыл алына баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Гуманитардык изилдөө жана академик Виталий Костомаров атындагы жаштар демилгелери долбоору Александр Пушкин атындагы орус тили боюнча мамлекеттик институт тарабынан Россиянын илим жана жогорку билим министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

Жалпы байге фонду 500 миң рубль. Ал эми бир гранттын суммасы 50 миң рубль.

Катышуучуларга болгон талаптар:

  • 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жаштар;
  • Кесиптик орто жана жогорку билим берүү мекемелеринин студенттери, аспиранттар, мугалимдер, окумуштуулар жана жаш адистер;
  • Алар Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украинанын жарандары болушу керек.

Конкурстун номинациялары:

  • Маалыматтык-агартуу долбоорлору;
  • Илимий-изилдөө долбоорлору.

Конкурска катышуу форматы:

  • Жеке арыз;
  • Жамааттык арыз (беш адамдан көп эмес).

Арыздар 2021-жылдын 19-августуна чейин бул шилтеме аркылуу кабыл алынат.

Конкурс тууралуу кененирээк маалыматты сынактын расмий сайтынан табууга болот.

Бардык суроолор боюнча sng_rus@mail.ru почтасына кайрыла аласыздар.

Тема боюнча

Тубаса шал оорусу менен жабыркаган жигит грант утуп, машыгуу залын оңдоп берди
Белгилер:
КМШ, студент, сынак, грант, долбоор

ЭҢ МААНИЛҮҮ