Кыргызстандыктар жакында жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүТоп жылдыз. Архив
Топ жылдыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Астроном адистери Персеиддерди "жылдын мыкты көрүнүшү" болорун болжолдоп жатышат. Бул ирет аны көрүүгө аба ырайы да тоскоолдук жаратпайт.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. 13-августка караган түнү Персеиддердин метеордук агымынын активдүүлүгү туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

17-июлда башталган агымдын активдүүлүгү 26-августка чейин созулат. Эл аралык метеордук уюмдардын болжолуна ылайык, агым туу чокусуна жеткенде саатына 110 метеор учкан көрсөткүчкө жетет.

Эл аралык метеорологиялык уюмдун божомолуна ылайык, саатына 110 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. Жылдыз жааган көрүнүшкө байкоо салуу 13-августка караган түн ортосуна (саат 2:00гө) туура келери болжолдонууда.

Жер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жерди коркунучка кептеген астероиддер көп. БУУнун эскертүүсү
Кыргызстандыктардын топ жылдыздын учканын көрүүсүнө аба ырайы да тоскоолдук жаратпайт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, республиканын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жаан болбойт, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын алыскы райондорунда гана өткүн болушу мүмкүн.

Персеиддер — жыл сайын Жердин атмосферасы аркылуу өтүүчү метеориттик агым. Ал Свифта – Таттла куйруктуу жылдызы (комета) тарабынан түзүлгөн. Метеориттик агымдын жогорку чеги көбүнесе август айынын экинчи декадасына туш келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0