Коронавируска каршы вакцинадан тромбоз пайда болушу мүмкүнбү? Медиктин жообу

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы вакцина алып жаткан адам. Архив
Коронавируска каршы вакцина алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Медик коронавируска каршы дары дүйнө жүзүндө жок болгондуктан эмдөө менен гана коргонууга боло турганын белгилеген.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборундагы гематология бөлүмүнүн башчысы Ормонбек Жакыпбаев брифингде эмдөөдөн кийин тромбоздун пайда болуу коркунучу тууралуу айтып берди.

Жакыпбаев эл аралык тажрыйбага таянуу менен эмдөөдөн кийин айрым адамдарда терс реакция байкалышы мүмкүн экендигин айткан.

"Антитело тромбоцит клеткаларынын кабыкчаларындагы белокторго чырмалышып, кандын коюулануусуна алып келиши ыктымал. Бирок ага карабастан эмдөөнүн организмге тийгизген пайдасы көбүрөөк", — деген медик.

Ал коронавируска каршы дары дүйнө жүзүндө жок болгондуктан эмдөө менен гана коргонууга боло турганын белгилеген.

Жакыпбаев бүгүнкү күндө АКШ, Улуу Британия, Германия, Израилдин калкынын 70 пайыздан ашыгы эмдөөдөн өткөнүн айтып, муну менен жамааттык иммунитет пайда боло турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0