Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жердеги суу сактагычын гүлдөтмөй болду

© Sputnik / А. Волков / Медиабанкка өтүүЧарвак суу сактагычы. Архив
Чарвак суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Өлкө бийлиги мындай чечимди туристтерди тартуу үчүн тоолуу аймактардын көркүн арттыруу максатында кабыл алган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Өзбекстандын өкмөтү Кыргызстан менен чектешкен Бостанлык аймагындагы Чарвак суу сактагычынын тегерегин жашылдандырып, токойго айлантууну көздөп жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Өлкө бийлиги мындай чечимди туристтерди тартуу үчүн тоолуу аймактардын көркүн арттыруу максатында кабыл алган.

"Суу сактагычтын тегерегиндеги катуу шамалдын кесепетин жоюп, чаңды азайтуу үчүн бак жана бадалдар отургузулат. Анын тегерегиндеги айыл чарба жана жайыт багытындагы жерлер токой чарбасына өткөрүлүп, мал багууга тыюу салынат", — деп жазылат кабарда.

Адистер мындай жол менен аймактагы климатты жакшыртып, элдин саламаттыгына дагы оң таасир этсе болорун айтууда. Ошондой эле окумуштуулар бул жерде инновациялык долбоорлорду ишке ашырып, аймактын экосистемасын изилдөөнү пландап жатат.

Чарвак суу сактагычы чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Кыргызстан менен чектешкен Бостанлык аймагында жайгашкан. Чирчик дарыясынын Пскем жана Чаткал суулары кошулган жеринен бир аз төмөнүрөөк орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0