Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймактарында дагы сел жүрүшү ыктымал

© Sputnik / Кирилл ШипицинСитуация в Иркутской области
Ситуация в Иркутской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Жакынкы күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында жамгыр жаашы күтүлүп жатат. Буга байланыштуу Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандын аймактарында сел жүрүү кооптуулугу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

"9-10-август күндөрү тоолуу жана тоо этектеринде нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жумада өлкө аймактарында бир нече ирет сел жүрдү. Алсак, Аксыда катуу жааган жаандан улам көчөлөр дарыяга айланып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0