Кечээтен бери 5 777 киши коронавируска каршы вакцина алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМедициналык кызматкер эмдөө учурунда. Архив
Медициналык кызматкер эмдөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган.

БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Өткөн суткада 5 777 киши коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, бир суткада 1 850 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 3 927 киши экинчи дозасы менен эмделген.

Медициналык кызматкерлер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Өткөн суткада 483 адамдан коронавирус табылды. Соңку статистика
Жалпысынан 539 067 адам вакцинанын биринчи дозасы менен эмделсе, 172 052си экинчи компонентин сайдырган.

Белгилей кетсек, COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Анда 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары камтылган эмес. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0