Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Лызлова / Медиабанкка өтүүПляждагы кыз. Архив
Пляждагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-августта күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Таласта +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33...+38, Ысык-Көл менен Нарында +24...+29 градус болот. 

Синоптиктер күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +36...+38, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градус болорун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0