Бишкектеги Улан-2 кичи району эки күндөн бери суусу жок отурат. Видео

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши суу бөтөлкөлөр менен. Архив
Киши суу бөтөлкөлөр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Интернетте жашоочулар водовоздон суу алууга кезекте турган видео тарады. "Бишкек суу канал" магистралдык түтүк өткөргүчтөрдүн биринде авария болгонун билдирди.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбор калаадагы Улан-2 кичи районунда эки күндөн бери таза суу жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Бишкек суу канал" ишканасы кабарлады.

"Короче" Telegram каналында жашоочулар кечинде водовоздун жанында чакасы менен сууга кезекке турган видео чыкты. Тургундар анда райондо беш күн катары суу жок болорун кеп кылышкан.

"Бишкек суу канал" ишканасынын маалымат кызматы суу жумадан ишембиге караган күндөн бери жок экенин билдирди.

"Чындыгында эки күндөн бери суу берүү өчүрүлгөн. Кээде пайда болуп калып жатат. Себеби "Орто-Алыш" суу алган жеринде диаметри 1000 миллиметр болгон магистралдык түтүк өткөргүчтө ири авария болду. Бригада көйгөйдү чечүү үчүн күнү-түнү иштеп жатат. Бүгүн кечке чейин иштин бардыгын бүтүрөбүз деп ишенем", — деп билдиришти ишканадан.

Ал эми  беш күн суу жок болот деген маалыматты  "Бишкек суу канал" четке какты.

Улан-2 кичирайону Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0