Жалал-Абадда вакцинадан соң абалы начарлаган аскерлер: аны кайра салып башташабы?

© Sputnik / Густаво Вальенте / Медиабанкка өтүүCOVID-19 каршы Astra Zeneca вакцинасы. Архив
COVID-19 каршы Astra Zeneca вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, аскерлердин абалы канааттандырарлык. Astra Zeneca вакцинасын өлкө боюнча 9-августтан тарта кайра сайып баштаары айтылды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы аскер бөлүктө коронавируска каршы Astra Zeneca вакцинасын алган соң абалы начарлаган аскерлер боюнча маалымат берди.

Эске салсак, 5-августта аталган аскер бөлүктөгү аскерлерге Astra Zeneca вакцинасы сайылып, эртеси күнү 44 аскерде анын кыйыр таасири байкалганы айтылган. Бул окуя эпидемиологиялык иликтөөгө жөнөтүлүп, иштин чоо-жайын териштиргенче вакцинаны колдонуу убактылуу токтотулган.

"Бүгүнкү күндө 56 аскердин абалы канааттандырарлык. Вакцинадан кийин пайда болгон клиникалык белгилер (дене табы 39 градустан жогору болуу, баш оору) вакцинага организмдин жооп иретиндеги реакциясы болгон деп бааланды. Бул белгилер ден соолукка олуттуу деле коркунуч алып келбейт. Адатта организм башка да вакциналарга реакция кылып, эмделген адамдын башы ооруп, эти ысыйт. Бирок ал 12-24 сааттын аралыгында өтүп кетет", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик Astra Zeneca вакцинасы өлкө боюнча 9-августтан тарта кайра колдонула баштаарын кошумчалады.

Кыргызстанда соңку суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алып кетип, дагы 602 адамга жукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0