Сак болгула! Шылуундар Instagram профилдерди жаптырып акча таап жатышат

© AP Photo / Amr AlfikyInstagram тиркемеси. Архив
Instagram тиркемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Instagram социалдык тармагы өз колдонуучуларын алдамчылык көрүнүштөргө туш келсе колдоо кызматына кайрылууга чакырат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Алдамчылар Instagram баракчаларды жаптыруу менен акча иштеп жатышат. Мындай маалыматты "Лайфхакер" жазып чыкты.

Ноутбук жана телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Акча жана жеке маалыматтарды киберкылмышкерлерден кантип коргоо керек. Кеңештер
Алар өзүлөрүнүн бир аккаунтунун негизинде бирөөнүн профилинин копиясын түзөт. Шылуундар бутага алынган адамдын ысымын, өмүр баянын жана сүрөтүн пайдаланышат. Кийин алар чыныгы аккаунтту жасалма деп каралап, тийиштүү тарапка кайрылышат. Ошондо Instagram чынында эле аккаунтту фейк катары кабыл алып, ага тыюу салат. Уятсыз мазмундагы маалыматтарды тараткан деген дооматтар менен жабырлануучунун профилин бомбалоо да алдамчылардын дагы бир жолу болуп саналат.

Эгерде кимдир бирөө башка бир адамга жакпай калса, анда ал алдамчыларга акча төлөп, анын баракчасын жаптыртат. Кийин ал шылуундар ошол эле жабырлануучунун аккаунтун калыбына келтирип берип, бул үчүн анын 3,5 – 4 миң доллар акчасын алат.

Instagram бул кырдаалды көзөмөлгө алып жатканын билдирди. Компания мындай көрүнүшкө туш болгон колдонуучуларды колдоо көрсөтүү кызматына кайрылууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0