Желек көтөрүп, кол булгалап. Спортчулардын күйөрмандары жол жээктеп турушат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Олимпиададан кайткан улуттук курама команданын спортчуларынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып келип, "Манас" аба майданынан түз эле "Ала-Тоо" аянтына келе жатат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Токиодо өтүп жаткан Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп, аларды колдоо иретинде "Манас" эл аралык аэропортунан келе жаткан жол жээгинде бир топ күйөрмандар чогулду.

Алар колдоруна тууларды, шарларларды жана спортчуларга мактоо иретинде жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Эске салсак, Олимпиадага кеткен улуттук курама команданын спортчуларынын басымдуу бөлүгү Кыргызстанга кайтып келип, "Манас" аба майданынан түз эле "Ала-Тоо" аянтына келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0