Окумуштуулар адамдын өлүмү жакындаганын эмнеден билсе болорун айтты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКары адам. Архив
Кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
Илимпоздор изилдөөнү XX кылымдын этегинде эле баштап, ага 35 жаштан 55 жашка чейинки алты миң ыктыярчыны тартышкан. Андан кийин маал-маалы менен байкоо салып турушкан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 65 жаштан өткөн адамдарда кыймыл функциясынын бузулушу өлүмү жакындап келе жатканынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости The BMJ илимий журналына шилтеме берип жазды.

Изилдөө XX кылымдын этегинде эле башталганы айтылат. 1985-1988-жылдар аралыгында франциялык жана британиялык илимпоздор социалдык, биологиялык жана жүрүм-турум факторлорунун ден соолукка тийгизген таасирин изилдешкен. Ага 35 жаштан 55 жашка чейинки алты миң ыктыярчы катышкан.

Узак жашоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2020
Окумуштуу: узак жашагандардын бир жалпылыгы бар
Андан кийин 2007-2016-жылдар аралыгында катышуучулардын кыймыл функцияларына үч жолу байкоо жүргүзүшкөн. Сурамжылоодо ыктыярчылардын жөө баскандагы ылдамдыгын, отургучтан канча убакытта турарын, бир нерселерди кармап, көтөрүүдөгү күчүн, ошондой эле күнүмдүк жашоодогу кыймылын, мисалы, кийинүүгө, ажаткананага барууга, тамак жасоого жана дүкөнгө барууга кеткен убактысын жана андагы кыйынчылыктар тууралуу сурашкан.

Үчүнчү этап 2019-жылы өткөн. Бул ирет адистер катышуучулардын арасында канча адам көз жумганын эсептешкен.

Факторлордун бардыгын анализдеп чыккандан кийин эксперт тобу басуусу кыйын болгондордун өлүм коркунучу 22 пайызга, бир нерсени араң көтөргөндөрдүкү 15 пайызга, отургучтан турууга көп убакыт кетиргендерде 14 пайызга, ошондой эле күнүмдүк жашоодо кыймылынан оорчулук тарткандардыкы 30 пайызга жогорулаганын аныкташкан.

Ошондой эле изилдөө бүткөндөн кийин да каза тапкан ыктыярчылардын кыймыл-аракетинде көйгөйлөр болгону белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0