Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуу. Архив
Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
6-8-август аралыгында  республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайынан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК,  6-авг. — Sputnik. 7-августка караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болуп, ысык 38 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +31...+36, Талас аймагында +30...+35, Ош, Баткен жана Жалал-Абадда +33...+38, Ысык-Көл, Нарын облустарында +23...+28 градус болот.

Борбор калаада термометр +31...+33,  Ош шаарында +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0