"Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси эки айга камакка алынды

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канат Ашырбаев. Архив
Кыргыз көмүр мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канат Ашырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
УКМК "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору менен "Кара-Кече" филиалынын эсепчисин 4-август күнү кармаган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канат Ашырбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Шектүү 3-октябрга чейин абакта болмокчу.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Темир Сариев эки айга камакка алынды
УКМК "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору менен "Кара-Кече" филиалынын эсепчисин 4-август күнү кармаган.

Атайын кызматтан билдиришкендей, "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчилиги Кара-Кечеде казылган көмүрдүн көлөмүн азайтып көрсөтүп жүргөн. Кийин ал сырье башка компаниялар аркылуу кардарларга, ошонун ичинде Бишкек ТЭЦине сатылчу.

Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын экспертизасынын жайынтыгында жылына 370 миң тонна көмүр кыскартылып келгени айтылган. Анын баасы 600 миллион сом деп бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0