Эртең балбандар Токиодон келип, "Ала-Тоо" аянтында салтанат уюштурулат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБийчилер Бишкектеги Ала-Тоо аянтында салтанат учурунда. Архив
Бийчилер Бишкектеги Ала-Тоо аянтында салтанат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүү сунушталат. Мында аларга арналган салтанат уюштурулат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от sport.gov.kg (@sport.gov.kg)

Ошондой эле саат 13:00дө "Ала-Тоо" аянтында Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүнө арналган салтанаттуу кече уюштурулат. Андыктан спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүү сунушталат.

"Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы", — деп кайрылды Спорт агенттиги.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0