Кой-Таш окуяларына 2 жыл. Атамбаев элге билдирүү жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын мурдагы президенти кайрылуусунда тарапташтарынын колдоосун абактан сезерин жана Кой-Таш окуясы боюнча чындык акыр-аягы айтыларын белгилеген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуяларынын эки жылдыгына карата коомчулукка билдирүү жасады. Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат кызматы билдирди.

Мурдагы президенттин кайрылуусун тезис түрүндө сунуштайбыз.

Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
ИИМ Атамбаев октябрдагы башаламандыкты уюштурган деп шектелип жатканын тастыктады
Акаевдин башкаруусунун күнү 2002-жылдын 17-мартында Аксы окуялары башталганда бүтсө, Жээнбековдор кланынын режими 2019-жылдын 7-августунда аяктай баштаган. Бул күнү мамлекеттик кайтаруудагы үйдүн ичиндеги жай тургундарга Жээнбековдордун кланы кол салган. Алар Баш мыйзамга баш ийбей каалаганын жасашты. Дал ошол күнү азыркыга чейин уланып жаткан башаламандыктын пайдубалы түзүлгөн;

Конституция, мыйзам бузулуп кесиптештери камалып жатканына депутаттар таң калбай эле койсун. Анткени алар экс-президентке карасанатайлык кылабыз деп минаны өздөрүнө-өздөрү коюп алган;

2019-жылдын август айында Жээнбековдун кланы жеңишти майрамдады. Алар бизди түп-тамыры менен жок кылабыз деп ойлошкон. Бирок биздин данек экенибизди эстен чыгарып коюшкан. 14 айдан кийин дал ошол данек өсүп-жетилип, эл чыдабай Жээнбековдордун бийлиги кулады. Ал күнү Кой-Таш окуяларын башкарып жүргөн Жунушалиев, Опумбаевдер жазадан коркуп изин суутуп качышты. Башкы прокурор Жамшитов менен башкы айыптоочу Бекмаматов дароо кызматтан кетишти;

Кой-Таш окуясы боюнча чындыкка жаңы бийлик деле жеткен жок. Тескерисинче, Кой-Таш окуясы боюнча ишти караган Аширходжаев, Жумабаев жана Набиев кызматынан көтөрүлүп, ИИМ менен УКМКнын башка тергөөчүлөрү кайрадан башаламандык жасап жатышат. Баса, алар менин, Бакиевдин убагында кылмыш иштерин карап жүргөн прокурор, тергөөчүлөр болуп чыкса таң калбайм. Эч нерсеге таң калбай калдым;

Садыр Жапаров "убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек" деген маанилүү пост жазды. Бул сөз башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып, ал жакта жашап жүргөн качкын президенттерге эле эмес, Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде саясий оппоненттерге да арналат деп ишенем;

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Алардан арылыш керек! Абактагы мурдагы президент Атамбаев Садыр Жапаровго кеңеш берди
Садыр Жапаров буйрутма менен кылмыш ишин ачкан прокурор, тергөөчүлөрдөн арылышы керек. Дал ошол адамдар Сооронбай Жээнбековду сазга батырган. Эгерде Садыр Жапаров алардан арылбаса, термелип турган азыркы абалдан кутула албайт, аны менен катар Кыргызстанды саздан сууруп да чыга албайт.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуяларында жабыркаган жай тургундарга, жакын санаалаш, тарапташтарына ыраазычылык билдирип, алардын колдоосун абактан сезерин белгилеген.

2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү үчүн атайын операция жүргүзгөн. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Мунун кесепетинен спецназдын жоокери каза таап, 100гө чукул киши ар кандай жаракат алган. Натыйжада Атамбаев жана анын бир нече үзөңгүлөшү кармалган.

Алмазбек Атамбаев учурда абактагылар дарылануу мүмкүнчүлүгү бар № 47 түзөтүү колониясында кармалып турат. Мурда УКМКнын СИЗОсунда жаткан Атамбаевди ал жакка 2020-жылдын аягында ден соолугу начарлап кеткендиктен которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0