Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулардын рюкзактары мектептеги класста. Архив
Окуучулардын рюкзактары мектептеги класста. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде окутуу формасын чечүүнү кабыл алуу үчүн эки факторду эске алышкан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучулар менен студенттер 1-сентябрдан тарта кандай тартипте окуй турганын айтты.

"Биз бул маселеде эки факторду эске алдык. Биринчиси — педагогдорду эмдөө. Кыргызстанда 120 миңге чукул мугалим иштейт. Азыркы тапта анын 60 пайызынан көбү вакцина алды. Калган бөлүгү да медиктердин уруксаты менен эмделет деп ойлойбуз. Экинчисинде окутуу формасын чечүүдө ар бир облус ошол аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алат", — деди Жусупбекова.

Ал мектеп, университет, лицей, бала бакчалар кадимки тартипте иштеп баштоо үчүн министрлик Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0