Шашылыш билдирүү! ӨКМ сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет

© Sputnik / Артур ЛебедевСел жүрүштүн кесепеттери. Архив
Сел жүрүштүн кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
ӨКМден жаратылыш кырсыктары учурунда адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында тиешелүү иштер жасалып жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-8-август аралыгында республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда өзгөрүлмөлүү аба ырайынан улам сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

"Мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ошол себептен коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Гүл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы
ӨКМ тарабынан табигый кырсыктары учурунда адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында телефонограмма чыгарылып тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.

Ошондой эле министрликтин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС-билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0