Калкты тейлөө борборлору 9-августтан тарта мурдагы иш графигине кайтат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКалкты тейлөө борбордун кызматкерлери. Архив
Калкты тейлөө борбордун кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
4-июлдан тарта Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлору сынамык долбоордун негизинде жаңы график менен саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштеп жаткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 9-августтан тарта Калкты тейлөө борборлору мурдагыдай тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Эске салсак, ушул жылдын 4-июлунан тарта Кыргызстандагы бардык Калкты тейлөө борборлору сынамык долбоордун негизинде жаңы график менен саат 8:00дөн 19:00гө чейин иштеп жаткан. 

"Бул өзгөртүүлөр жарандарга жайкысын ыңгайлуу болсун деген максатта киргизилген. Бирок бул график натыйжасын көрсөтө алган жок. Андыктан кайрадан мурдагы режимде иштөөсүн улантат", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган борборлор 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Бул жерден Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун тизмеси жана даректерин көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0