Хабиб Садыр Жапаров менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүМурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
Мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Нурмагомедов мамлекет башчы менен таанышканы үчүн кубанып турганын белгилеп, турнир өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мурдагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялады.

"Жолукканыма кубанычтамын, EFC турнирин уюштурууга көрсөткөн колдооңуз жана жардамыңыз үчүн чоң рахмат. Биз кийинки жылы дагы турнир менен кайтып келебиз", — деп жазган мушкер.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында өткөн өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине кадырлуу конок катары катышкан.

Анын келишине арналган сыйлуу дасторкондо президенттин уулу Рустам Жапаров жана УКМК төрагасынын уулу Тай-Мурас Ташиевдин да жүргөнү байкалган.

Бул Хабиб Нурмагомедовдун Кыргызстанга болгон экинчи сапары, биринчи жолу ал 2018-жылы келген. Анда Бишкек шаарындагы күйөрмандары менен жолугуп, суроолоруна жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0