COVID 9 кишинин өмүрүн алып кетип, 840 адам ооруп калды. 5-августтун маалыматы

© REUTERS / ANN WANGМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Мурдагы күндөргө салыштырмалуу Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтып бара жатканы менен адам өлүмү азайбай жатат.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 840 адамдан коронавирус чыгып, 9 бейтап көз жумду. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

COVID-19 соңку суткада төмөнкү аймактардан чыккан:

  • Бишкек - 476;
  • Ош шаары - 8;
  • Чүй облусу – 131;
  • Ош облусу – 31;
  • Талас облусу - 9;
  • Нарын облусу - 11;
  • Ысык-Көл облусу – 54;
  • Жалал-Абад облусу – 78;
  • Баткен облусу – 42.

Пандемия башталгандан тарта коронавируска кабылгандардын саны 167 076 адамга чукулдап барды.

Учурда ооругандарга караганда, айыккандар көп болууда. Соңку суткада 1 550 бейтап сакайган. Ал эми инфекцияны жеңгендерди жалпы саны Кыргызстан боюнча 152 402 адамга чамалап барат.

Аэропрттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Ансыз РФке кире албайсың! "COVID-19суз саякаттайм" тиркемеси кандай иштеп жатат
Мурдагы күндөргө караганда Кыргызстанда коронавирустун мизи кайтып бара жатканы менен адам өлүмү азайбай жатат. Тилекке каршы, ооруканада оору менен күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен тогуз адам каза болуп калды. Республикалык штаб Кыргызстанда баш-аягы 2372 адам бул инфекциядан көз жумганын эсептеп чыгарды.

Учурда Кыргызстанда стационарда 3306 бейтап жана амбулатордук түрдө 7629 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0