Окумуштуулар балдар коронавирусту канча күндө жеңип кетерин аныктады

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүМедайым баланын температурасын өлчөп жатат. Архив
Медайым баланын температурасын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Изилдөө учурунда балдарга COVID-19 жуккандан тарта орто эсеп менен алты күндөн кийин абалы жакшырары белгилүү болгон.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар балдар COVID менен ооругандан кийин кандай симптомдор узак мөөнөткө чейин сакталып каларын аныктады. Бул туурасында "Известия" порталы жазды.

Колун самындап жууп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Балдарды коронавирустан кантип сакташ керек. 5 кеңеш
Изилдөөгө Британиядагы 258 миң окуучу катышкан. Анда балдарга коронавирус жай темп менен жугарын жана алар оорунун оор симптомдорун баштан кечирбеси жазылган. Изилдөө учурунда 18 жашка чыга элек балдарга коронавирус жуккандан тарта орто эсеп менен алты күндөн кийин абалы жакшырары белгилүү болгон.

Ошол эле учурда балдар айыккандан кийин 4,4 пайызында COVID-19дун мүнөздүү симптомдору сакталып калган. Алардын басымдуу бөлүгү ар дайым чарчаңкы абалда болуп же сезүүсү начарлап жана башы ооруган. Бирок мындай симптомдордон үч-төрт жумадан кийин кутулушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0