Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүГүл. Архив
Гүл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаабайт, күн ачык болору божомолдонду. Бирок Чолпон-Ата, Каракол шаарларында жаан жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаабай күн ачык болору божомолдонду.

Чүй облусу

7-августта түнкүсүн жана күндүз, ошондой эле 8-августта түнкүсүн жаан-чачын болбой турганы айтылды. Жекшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Өрөөндөрдө жаан жаабай турганы маалым болду.

Талас

Апта аягында Таласта түнкүсүн гана жаан себелей турганы айтылды. Күндүз абанын температурасы жогору болуп, жаан-чачын болбойт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

7-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 8-августта дыйканчылык аймактарда күн ачык болору айтылды, тоолуу жерлерге жаан жаашы ыктымал.

Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок күндүз жаан жаашы ыктымал. Чолпон-Ата, Каракол шаарларында да күндүз өткүн өтүшү ыктымал. 8-августта жаан жаай турганы божомолдонду.

Нарын

Нарында 7-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми жекшембиде күндүн көзү бузулуп, жаан жаай турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0