Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Жаңы дайындалган аппарат жетекчи буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, эки кызматка жаңы адамдар келди.

Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп иштеген. Аппараттын жаңы башчысы Талас облусунун тургуну.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМуниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу өзүнө кеңешчи жана аппарат башчысын дайындады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Мырзабек Жыпаркулов борбордук аппараттын жетекчиси болуп дайындалды

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Азамат Абсаттаров дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы эле.

Тиешелүү буйруктарга борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0