Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКан тапшырып жаткан адам. Архив
Кан тапшырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Жарандар вакцинанын эки компонентин тең алып бүткөндөн кийин бир айдан соң донор болууга мүмкүнчүлүк алышат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина алган адам бир айдан кийин донор катары кан тапшыра берсе болот. Бул туурасында Москванын саламаттык сактоо департаментинин Гаврилов атындагы Кан борборунун башкы дарыгери Ольга Майорова РИА Новостиге берген маегинде айткан.

Анын билдиришинче, эгер адам пневмониянын оор түрү эмес, короновирус менен гана ооруп айыкса респиратордук оору катары кабылданып, бир айдан кийин кан тапшырууга уруксат берилет. Ошондой эле вакцинанын эки компонентин тең алып бүткөндөн кийин бир айдан соң донор боло алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0