Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин

© REUTERS / Christopher PikeUFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Ысык-Көлгө ММА боюнча турнирге конок катары келген Нурмагомедов бүгүнкү Олимпиада оюндарын көргөнүн айтып, кыргызстандыктарга ийгилик каалады.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эртең Олимпиада оюндарында алтын медаль алышыңарга тилектешмин. Бул тууралуу UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Атада өтүп жаткан Eagle Fighting Championship (EFC) турниринде сөз сүйлөп жатып билдирди.  

"Бүгүнкү Олимпиада оюндарын көрдүк. Тилекке каршы, утулуп калды (Акжол Махмудов, — ред.). Бирок күмүш менен коло да жакшы. Эми алтын да болот. Эртең алтын алышыңыздарды каалайм, тилектешмин", - деди Нурмагомедов. 

Белгилей кетсек, ушул тапта аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) турнири өтүүдө. Анда Хабиб лиганын түптөөчүсү жана конок катары чакырылган. Эске салсак, Олимпиада оюндарында балбандар Акжол Махмудов күмүш алса, Мээрим Жуманазарова коло тагынды. Ал эми Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты, эртең алтын үчүн күрөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0