Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди

© AFP / SEBASTIEN BOZONЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Жол милициясы кырсыктын көпчүлүк учуру адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Кыргызстандын жолдорунда тынбай катталып жаткан автокырсыктардын себебин атады.

Жол милициясы көпчүлүк учурда кырсык адамдык фактордон, башкача айтканда, айдоочунун катасынан улам болорун белгиледи.

"Жыл сайын өлкөдө жол кырсыктарынан жүздөгөн адам каза табат. Статистикага ылайык, кырсыктардын 80 пайызы айдоочунун күнөөсүнөн улам болот", — деп жазылат маалыматта.

ЖКККББнын версиясы боюнча, көбүнчө төмөнкүдөй себептерден улам жол кырсыгына кириптер болушат:

  • Мас абалында же баңгизат чегип алып рулга отуруу;
  • Катуу ылдамдык менен жүрүү;
  • Окубаган айдоочулар — автомектепте окубай эле ар кандай жол менен айдоочулук күбөлүк алган жарандар;
  • Айдоочунун чарчап рулга отурушу;
  • Аралыктын сакталбашы;
  • Алдындагы автоунаадан ашып өтүү эрежесин бузуу;
  • Каршы тилкеге чыгып кетүү;
  • Айдоочунун шалаакылыгы.

Соңку убакта Кыргызстанда бир нече адамдын өмүрү бир учурда кыйылган жол кырсыктары көп катталууда. Президент Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүү тапшырмасын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0