Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги. Архив
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Мурдагы президентке Айбек аттуу юристтин жактоочу боло турганы маалым болду. Акаев өлкөдөн кеткенде анын маселеси боюнча суроолорго дал ошол жактоочу жооп берип турат.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кумтөр боюнча суроолор көп, ошол себептен Кыргызстанга бир жумага келдим. Бул тууралуу мурдагы президент Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Журналисттердин бири мурдагы президентке "Кыргызстанга мамлекет менен атайын түзүлгөн келишимдин негизинде келдиңизби, Кумтөр боюнча сизге айыптоолор коюлуп келет. Аны мойнуңузга аласызбы?" деген суроолорду узаткан.

"Бул маселе боюнча бүгүн биринчи гана жолугушуу болду. Маанилүү суроолор бар. Анын баарына жооп берүү үчүн Кыргызстанга бир жумага келдим. Бул маселе менен ушул апта ичи иштейбиз. Айбек деген юрист мага жактоочу болуп берейин деди. Кетип калсам, калган суроолорго жактоочум жооп берип турат. Кумтөр маселеси боюнча эртең адистер менен иштеп баштайбыз", — деди Акаев.

Сөзүнүн соңунда ал Бишкек өзгөрбөгөнүн, жашыл шаар болуп сакталганын айтты.

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта, келди. Ал өлкөдөн 2005-жылдын 24-мартында чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0