Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!

© Sputnik / Бакыт СмаиловКыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Мурдагы мамлекет башчы УКМК жетекчисине да рахматын айтып, Кыргызстанга бир жумага келгенин кошумчалады.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен резинденцияга барып жолугуп, ага ыраазычылыгымды билдирдим. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата Журтка, элибизге келип отурам. Ошондуктан мамлекет башчы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирем. Ал киши менен резиденцияга барып жолугуп, учураштым. "Ушундай жол ачып бергениңизге рахмат" деп ыраазычылыгымды билдирдим. Мен Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем", — деди Акаев.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК жетекчисине да рахматын айтып, Кыргызстанга бир жумага келгенин кошумчалады.

Эске салсак, Аскар Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта, келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0