Шашылыш билдирүү! Шаршембиге чейин нөшөрлөп жаан төгүп, сел жүрүшү ыктымал

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАвтоунаа суу ташкын учурунда. Архив
Автоунаа суу ташкын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидрометтин маалыматына таянып алдыдагы эки күндө сел жүрүү кооптуулугу бар экенин эскертти.

Шашылыш билдирүүдө 2-4-август күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күндүн көзү бузулуп, нөшөрлөп жаан жаай турганы айтылат. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0