Ысык-Көлгө бараткан жолдо наркологдордун катышуусунда рейддер жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ысык-Көл унаа жолу. Архив
Бишкек — Ысык-Көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Акыркы үч күндө Кемин районунда инспекторлор рейд жүргүзүп, мас болуп рулга отурган жана ылдамдыкты жогорулатып жол жүргөн айдоочуларды аныктаган.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо жума сайын наркологдордун коштоосунда рейддер жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим туристтик сезондун алкагында жана жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.

ЖКККББ белгилегендей, 30-июлдан 1-августка чейин Кемин районунда "Бахус" деген аталыштагы иш-чара өткөрүлгөн.

Үч күндө 227 протокол түзүлүп, мас болуп рулга отурган беш айдоочу аныкталган. 196 киши ылдамдыкты жогорулатып айдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0