Уйку безине бычак боло турган азыктар аталды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТаттуу азыктар. Архив
Таттуу азыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, уйку безди жабыркатып албаш үчүн адам тамактануунун аралыгына да көңүл бурушу керек. Маселен, беш саатка чейин ачка жүрүү организмде майдын запасын кайра көбөйтөт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Медицина илимдеринин кандидаты, эндокринолог Зухра Павлова уйку бези үчүн зыян делген азыктарды атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, таттуу жана майлуу тамак ашыкча салмакты гана пайда кылбастан, уйку безинин клеткаларын да өлтүрөт.

Эндокринолог тамактануунун ортосунда үч сааттык тыныгуу болушу керектигин белгилеген.

"Тамактангандан кийин үч саатка жетпей кайрадан тамак жеген туура эмес. Ал аралык беш саатка да созулуп кетпеши шарт", — деди дарыгер.

Медик адам беш сааттан ашык ачка болсо, азыктандыруучу заттын көлөмүн көзөмөлдөп турган фермент майлуу тканга айланып кетерин айтып, ал кишини ого бетер семиртерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0