Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOВакцина алып жаткан адамдар. Архив
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Жалпысынан өлкөдө 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы маалым болду.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 17 194 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Билдирмеге караганда, кечээтен бери 16 722 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 472си экинчи дозасы менен эмделген.

Коронавируска каршы вакцина алган адамга берилчү сертификат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Эмделгендиги тууралуу сертификатты кайдан алса болот? Электрондук даректер
Жалпысынан Кыргызстанда 450 398 адам коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алса, 116 625и экинчи дозасын сайдырганы айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөгө AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилген.

Андан мурда, тагыраагы, 11-июлда, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, өлкөдө калкты массалык түрдө эмдөө башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0