Августта кыргызстандыктар катары менен бир нече күн эс алат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование 29-й годовщины независимости КР в Бишкеке
Празднование 29-й годовщины независимости КР в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
30-август дүйшөмбүгө туура келгендиктен иш күнү деп эсептелиши керек эле. Анын ордуна кыргызстандыктар 10-майда иштегендиктен эс алуу болмокчу.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Августта кыргызстандыктар өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата көбүрөөк эс алышат.

Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда жазылган. Ага ылайык, катары менен төрт күн эс алуу болот. Тагыраагы, 28-августтан 31-августка (ишемби, жекшемби, дүйшөмбү, шейшемби күндөрү) чейин иштешпейт.

30-август дүйшөмбүгө туура келгендиктен иш күнү деп эсептелиши керек эле. Бирок анын ордуна кыргызстандыктар 10-майда иштеген.  9-май жекшембиге туш келгендиктен 10-майда эс алуу болору айтылган. Буга байланыштуу өкмөт дем алышты августка жылдырууну чечкен.

Натыйжада кыргызстандыктар августтун этегинде төрт күн эс алмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0