Автоунаа алып жатканда эмнесине көңүл буруш керек. Эксперттин кеңеши

© REUTERS / Sheng Li / File PhotoРынок поддержанных автомобилей в Ляонине
Рынок поддержанных автомобилей в Ляонине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Эксперт эгер экономикалык план менен карай турган болсо, кайра сата аларына көзү жеткен автокөлүктү алуу керектигин айткан.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Машина тандоодо негизги түйүндөрүнө, тейлөөгө кеткен чыгымдарга, тетиктерди алмаштыруунун наркына көңүл буруу керек. Бул тууралуу "Народные новости" порталына "За рулем" журналынын башкы редактору Максим Кадаков билдирген.

Ал эгер экономикалык план менен карай турган болсо, кайра сата аларына көзү жеткен автоунааны алышы керектигин айткан.

"Машинаны төрт-беш жылда бир алмаштырышат эмеспи. Андыктан сатып алып жатканда мотордун, алмаштыруу коробкасынын жана токтотуу системасын кароо шарт. Күйүүчү майды канча "ичери" да маанилүү", — деп айткан Кадаков.

Бишкектеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Саткан унааңыздын айып пулун төлөп жатасызбы? Өкмөт маселени чечүү жолун тапты
Ошондой эле эксперт кайсы бир үлгүдөгү унаага "муну айдасаң, талаада калбайсың" деп кепилдик берүү кыйын экенин белгилеген.

"Ар бир үлгүдөгү автокөлүктүн кандайдыр бир кемчилиги болот. Мисалы, "керексиз" коробка же вариатор 50 миң чакырым жүргөндөн кийин мотордон, болбосо электроникасынан көйгөй жаралат. Учурда автоунаалардын кайсы бир үлгүсүн эч бузулбайт деп так кесе айта албайсың", — деди эксперт.

Кыргызстанда эл көп алып жаткан жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы менен бул инфографикадан тааныша аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0