Өнөрү чыккан келиниме ачуум келип жатат. Кайын эженин каты

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование дня города Бишкек
Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына келининин кылык-жоруктарына ачуусу келген аял кат жазган.

Саламатсыздарбы, мен сиздерге кат жазып жатып да абдан ачууланып турам. Себеби апамдын көптөн бери маанайы жок экенин байкап жүрчүмүн. Кечээ телефондон сүйлөшсөм, эки жыл мурда келген келинимдин кылыктарын айтып ыйлады. Ошондон бери өзүмдү коёрго жер таппайм. Бир жылдан бери үй-бүлөм менен Москвадамын. Жолдошум экөөбүз иштеп жүрөбүз. Эки жыл мурда жалгыз инимди коңшу айылдагы сүйлөшкөн кызына үйлөнткөнбүз. Ата-энем жакшы эле турушат. Айылда короо-жайы, заңгыраган үй бар. Атам менен апам 70 жашка чукулдап калышты. Апам жоош киши, анын үстүнө кан басымы бат-бат көтөрүлүп тургандыктан илкип өзү акырындан жүрөт.

Регионы России. Крым - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2021
Жашым өткөндө турмушка чыгам деп бала-чакага уят болдум. Аялдын каты
Байкабай эрке кызды бүлө кылып алыптырбыз. Атасы жок, энесинин жалгыз кызы болчу. Бекер кылыптырбыз. Каалаган убактысына чейин уктап, кааласа үйүнө кетип калып, такыр эле апамдын сөзүн укпайт экен. Иним да көзүн карап турат.

Апам жумшаса эле келин "мен силерге малай белем" деп айтышып чыгат дейт. Эми апамды кадимкидей кагып-силкип же жакшылыкча тамак бербей, өнөрү чыгыптыр. Иниме чалып "үйүнө кетир, апамдын кебетесин карачы" десем болбой жатат. Курсагы ачканда күйөөсү экөөнө куурдак кууруп же дүкөндөн түрлүү тамактарды алып келип, бөлмөсүнө жашынып курсагын тойгузуп аларын угуп таң калып жатам. Айылдагы туугандарымдан да сураштырсам "келиниңер начар чыкты" дешет. Ал келин менен чалып сүйлөшсөмбү же баарын жыйыштырып айылга барып туруп ары же бери кылсамбы?

Карыганда сый көрбөй, кечээки келген келинге кор болуп жатса ата-энең үчүн ичиң аябай ачышат экен. Мен деле жумурткадан кыр издей берген, урушчаак кайнежелерден эмесмин. Бирок апамды да жакшы көрөм. Алардын кор болушуна жол бергим келбейт. Ачуум менен келинимди үйдөн кууп чыккым келип жатат.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Үй-бүлөнү бузуу оңой, бирок аны кайрадан куруу кыйын. Албетте, сиз да ата-энеңизди жакшы көрөсүз жана аяп жатасыз. Аны түшүнүп турам, бирок уул-келинди ажыраштырууга эч качан шашпаңыз. Андан көрө алгач келин менен сүйлөшүп көрүңүз. Ыраак жерде болсоңуз да, телефондон жогорудагы кылыктарынын себебин билүүгө аракет жасаңыз. Балким, анын да бир көйгөйлүү маселеси бардыр.

Сүйлөшүп жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Ажырашсаң балдарды таштайсың... Жигитинин апасы коркуткан кыздын каты
Бөлмөсүнө бекинип тамактанганынын себебин да билбей туруп жаман көрбөйлү. Мүмкүн кош бойлуудур. Окуянын чоо-жайын иликтебей эле ажыраштырууга аракет кылуу бир аз туура эмес болуп калат.

Иниңер менен да абалды талкуулап көргүлө. Кыскасы, маселени жөнгө салууга аракет жасаңыз. Апаңыздын да кан басымы көтөрүлүп жатыптыр. Ага да кыйын, бирок ал киши жашоодо көп нерсе көргөн, кечээки келинге караганда акылдуу жан да. Ошондуктан келин менен акырын отуруп сүйлөшүп же аны алдап-соолап тарбиялап алууга аракеттенсе болчудай.

Анткени экөөнүн ортосунда жаш курагы боюнча өтө чоң айырма бар экен. Апаңыз "Балам, кан басымым көтөрүлүп турат, мага мындай тамак жасап берчи, жүрү чай ичели", — деп бооруна тартып көрсүн. Мүмкүн келин деле туура эмес иштери жөнүндө ойлонор.

Жаңылыктар түрмөгү
0