21:01 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1057610

Кыргыз тилине, улутка байланышкан көйгөйлүү маселеде ичкен ашын жерге койгон белгилүү тилчи-котормочу, акын Аалы Молдокановдун каза болгонуна быйыл бир жылдын жүзү болду.

Молдокановду эскерүү иретинде анын кызы, журналист, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Назира Аалы кызы менен маектештик.

— Атаңыз кыргыз элине, эне тилге, журналистикага башкаларга окшошпогон из калтырган адам. Албетте, өзгөчө кыз бала үчүн атанын орду чоң. Кичине кезиңизде жазгандарын көрүп, ал кишиге таасирлендиңиз беле?

— Атамды ушинтип эскерип калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Аман болсо быйыл 70 жашка чыкмак. Көп жагынан башкаларга окшошпогон инсан эле. Албетте, ар бир бала үчүн ата-энеси ардактуу жана ыйык. Атамдын жасаган иштерине, баскан-турганына саресеп салып отуруп, мен ал кишинин чаңына гана тете экенимди байкадым. Бир жакка барып мени тааныштырганда да “Аалы мен, кызы мына”, — дечү. Үйгө барсам да “Аалы кызы, кандай тамак жейсиз?”, “Аалы кызы, маанайыңыз кандай?" — деп тосуп алчу эле. Атам өткөндөн кийин деңизде калагы жок калган кайыктай болдум. Ал киши өмүр бою тилге кызмат кылган, СССР журналисттер союзунун мүчөсү, пародист, акын, котормочу болчу.  Бирок ошол дараметин толук пайдаланган жок. Анын жазган пародияларына ушуга чейин акын-жазуучулар жогору баасын берип келишет. Мен “папа” дечүмүн. Анан айрымдар “өмүр бою тилге кызмат кылып келген адамсыз “папа” эмес, “ата” дедирбейсизби”, — дегенде, “папа” деген түрктүн “баба” деген сөзүнөн келген. Түбү түрк элдеринин сөзү болгондуктан “папа” десе деле болот” деп уруксат берген.

Совет мезгилинин идеологиясы катуу жүрүп, шаардык кыргыздар балдарын орус мектебине берип турган учурда, атам мага кыргызча тарбия берүүгө катуу киришкен. Бишкекте кыргыз мектеп ачылса эле мени окута берди. Бул бир эксперимент сыяктуу болду. Алгач, №5 гимназияга Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова менен бир класска киргем. Анан эмнегедир атам: “бул мектепте чоңдун бир аз көпкөн балдары окуп, чиновниктердин эрке аялдары сабак берет окшойт. Карапайым балдар менен оку”, — деп борбордун чок ортосундагы жаркыраган мектептен, шаар сыртындагы ата-энеси жок, жалаң айылдан келген балдар окуган №1 интернатка которуп койду. Ал жакта 4-класска чейин окудум. Кийин №68 мектеп ачылып ага жетелеп барды, андан №69 гимназияга киргизди. Улам кыргыз мектеп ачылган сайын тандап окутту. Дайыма жан-жаныбарлар, айлана-чөйрө тууралуу берген ар кандай суроолорума атам эринбей жооп берчү. Өзүнчө эле тирүү энциклопедия. Кийин теледен маекке кимди чакырып, ким менен сүйлөшсөм да атама кеңешчүмүн. Быйыл мына 45 жашка келдим. Ушуга чейин кайсыл тармак, кандай тема болбосун бардык суроомо жооп берип келди. Азыр бир маселе болгондо “аны атамдан тактап алам да” деп ойлоп кетем, анан эч качан андай болбоорун эстейм. Чынында азыр абдан оор акыбалда жүрөм. Бул эми кудай мага канча өмүр берсе да эстен кеткис өксүк болуп калды.

Атаң каза болгондо “аска-зоом урады” деген жумшак айтылган сөз экен. Бир капталың эңшерилип калат тура. 

Известный лингвист-переводчик, поэт Аалы Молдоканов с семьей
© Фото / из семейного архива Молдокановых
Аалы Молдоканов үй-бүлөсү, неберелери менен

— Менин түшүнүгүмдө Аалы Молдокановчолук кыргыз тилин билген, ага чындап күйгөн адам аздай сезилет. Акыркы кезде котормо иштеринде да одоно каталар көп кездешип жүрөт. Атаңыз өмүрүнүн акыркы убактарында тилдин тагдыры тууралуу эмнелерди айткан эле?

— Кээде “ушуну минтсе болмок. Ии, кыргыздар ушундайбыз да” – десем, атам муну такыр жооткотчу эмес. Кыргыз тилинин байлыгы, кудурети тууралуу бала кезимден кулагыма куюп өстүрдү. Мен шаардын чок ортосунда чоңоюп, башка улуттар менен аралашып жашадык. Бирок ошол эле учурда атамдын тилге болгон маселеси менден башталды.  “Жанагы кыргыз тилине жер сабап күйүп жаткандарды көрүп жатам. Үйүнө телефон чалсаң, орусча жооп берет. Балдары кыргызча билбейт”, — деп айтар эле.

Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кайра куруу жылдарында атам шаардык аткаруу бийлигинде мамлекеттик тил бөлүмүн башкарып турган. Ошол кездеги жаңыдан пайда болгон конуштарга кыргызча аттарды ыйгаруу атамдын эмгеги болду. Маселен, Ак-Өргө жаңы конушун жана анын көчөлөрүн “Ай көчө”, “Күн көчө”, “Саадак көчө”, “Алты бакан” деген нукура аттарды койду.

Андан кийин орусча аталып калган жер-суу аттарын кыргызчалатууга жүгүрүп, какшап жатып тили тешилди. Бул да аягына чыккан жок.  Бюджеттин тартыштыгына шылтап тим болушту. Мисалы, Ивановка, Орловка деген өңдүү жерлердин өзүнүн нукура кыргызча аталыштары бар. Мурда Орловка — “Бүркүттүү” деп эле аталчу экен. Ал эми котормо жаатын алсак, атамдын туш кагаз, асма шам өңдүү көп эле котормолору эл арасында колдонулуп калды.

Көбүбүз эл бар жерде кооз сүйлөгөндүктөн, жакшы сөздөр коомчулуктун алдында айтылат. Бирок атамдын бир өзгөчөлүгү эл алдында кандай сүйлөсө, үйдө деле ошондой сүйлөчү. Жасалмалуулукту жаман көрчү. Куру сөз менен төш каккандардын бетине айтып салчу. 

Известный лингвист-переводчик, поэт Аалы Молдоканов на фотосессии
© Фото / из семейного архива Молдокановых
Тилчи-котормочу, акын Аалы Молдоканов

— Балалыгы, ата-энеси тууралуу кеп салып берсеңиз?

— Атам ата-эненин сүйүүсүнө бөлөнүп өскөн бала экен. Алгач чоң апамдын эки чүрпөсү чарчап калып, үчүнчүсү төрөлгөндө “жашап кетер бекен” деп коркушуптур. Атам Солтон-Сарынын Соку-Таш деген жеринде төрөлөт. Молдо азан чакырганда жамгыр аябай жаап турган экен. “Кудайдын нуру жаап жатканда төрөлдү, аты Нураалы болсун”, — деп азан чакырылат. Бирок кийин документ алганда атынын “Нуру” түшөт да, “Аалы” болуп жазылып калат. 

Чоң атам Молдокан республикага белгилүү жылкычы, чоң апам Айшакан дагы тектүү жердин кызы болгон. Атам жети бир туугандын улуусу. Өзүнүн үч ажалдан аман калганын кичинемде мага жомок кылып айтып берчү. Ошондой эле бала чагынан эле абышкаларды абдан жакшы көрүп, сөздөрүнө кулак түрүп отурчу экен.

Чоң апам 94 жашка чыкса да атамды “Аалыкеним” деп эркелетип турчу. “Атам менен апам бир да жолу мага жаман сөз айткан жок. Эртең менен турганда, оозума сары май салып ойготчу”, — деп бала чагын эскерип калар эле. Мээримге канып чоңойгон бала, башкаларга да мээрим төгө алат эмеспи. Атам да убагында көп кишиге жарыгын чачып, маселелерин чечип бериптир. Эми ошол кишилердин эскерүүлөрүн угуп атам дагы деле арабызда жүргөндөй сезилип кетет. “Адам болор кишинин киши менен иши бар”, – деп койчу атам.

Өзүмдүн автоунаам болсо деле, кээде жумушка жөө келип, кечинде атам экөөбүз чогуу кетчүбүз. Аны Мирлан Самыйкожо байкап калып: “Назира эже, эмне сизди бала-бакчадан алып кеткенсип эле агай күндө ташыйт”, — деген (күлүп).

Анан атамдын машинасына түшсөм, Кусейин Исаев, Рамис Рыскулов же дагы бир аксакал дайыма отурчу. Үйгө жеткиче бакылдашып сүйлөшүп барчубуз. Атам экөөбүз түнкү саат эки-үчкө чейин саясаттан баштап, улут маселесине чейин талкуулап, деги эле сөзүбүз бүтчү эмес. 

Известный лингвист-переводчик, поэт Аалы Молдоканов с супругой в молодости
© Фото / из семейного архива Молдокановых
Аалы Молдоканов жубайы Шайымкан Сарыбагышева менен.

— Агайдын дагы бир сапаты — сынчылык, көрөгөчтүк касиети бар болчу дешет. Адамдын талантын көрө билип, булактын көзүн ачкандай колдоо көрсөтө билиптир. Ушул тууралуу кеп кылсаңыз?

— Негизи ар бир кыргыз — сынчы. Бирок анын да түрү бар. Атам көбүнчө конструктивдүү сын айтчу. Ал киши эң ириде менин сынчым эле. Бирөөнү айтып калсам “сен балам, тетиги ишиңди бүтүрүп туруп, анан элге сын айт”, — дечү. Атамдын конференцияга катышканын илимий даражасы “өтө бийик” айрым адамдар жактырчу эмес экен. Анткени адамдын ээлеген кызматына, даражасына карабай баарын бетке айтчу. Бирок позитивдүү да сындарды укчубуз. Бирөө тууралуу оңой менен жаман сүйлөбөйт эле. Эгер бирөөнү “ай, бул болбойт” десе, чын эле ал адам жакшы эмес болуп чыкчу.

Жамандыкты да абдан көтөрө билерин акыркы убакта байкадым. Атам жанагы жаман оору менен ооруп калганда (коронавирус инфекциясы – ред.) дүрбөлөңгө түшкөм. Телефондон ыйлап сүйлөшүп жатсам “Мен өлүмдөн коркпойм, балам. Тетиги жактагы кемпир (апасы — ред.) эмне болот? Ошону ойлоп жатам. Менден топурак буюрса болот эле”, — деген сөзүнөн кийинкилерин андан ары уга алган жокмун... 

Журналист, продюсер телеканала Маданият, тарых, тил Назира Аалы кызы с семьей
© Фото / из личного архива Назиры Аалы кызы
Аалы Молдоканов үй-бүлөсү менен. Жубайы менен 47 жыл бирге жашаган.

—  Агайдын санжыраны, “Манас” эпосун мыкты билгендигин замандаштары эскеришти. Эмне үчүн котормого жакын болуп, көңүлүнө туура келген бул эки тармакты алып кеткен эмес?

— Мен ушул коомдук каналга келгенде (КТРК - ред.) да атам жактырган эмес. “Мени көрдүңбү, котормо менен отуруп калдым. Сен тиги жакка барганда кагаз-калемди унутуп, уюштуруу иштери менен кетесиң. Андан көрө көрсөтүүлөрүңдү тартып, аны илимге айлант”, – деген. Атам 25 жашынан баштап КирТАГга кирип котормочу болуп иштеген. Ал көп кырдуу талант эле. Кыргыздын календары боюнча да бир топ эмгек жасады, кыйла маалыматтарды чогултту. Бирок жыл санагында жана ай санагында дагы да тактачу жерлер көп. Ошондой эле колу бошой калганда санжыра иликтечү.

Атам акындыкты толук аркаласа да жакшы акын чыкмак деп ойлойм. Ормон хандын 220 жылдыгында “Ормонго ода”, “Ормондун арманы” деген бир нече ырларына Нурдин Төрөбеков, Роза Аманова тарабынан обондор жазылып алтын казынага өткөн.

Ал эми пародияларына Токтосун Самудинов жогору баа берип: “Аалыке, сизден мыкты пародист чыкмак экен. Эмне үчүн бул жагын алып кеткен жоксуз?” — дегенде, атам: “мен пародия жазсам, ар кимден эле кечирим сурап жүрмөк окшойм. Өгүнү “баланчаев” жолуккан жерден эле “ой, сен дагы эле өлө элексиңби?” дебедиби”, – деп аябай каткырып күлгөн эле. Анткени бир белгилүү эле акын, окумуштууга пародия жазса аябай таарынган. Атам башкаларды катуу тамашалачу жана сөздү да көтөрө билип, таарынчак адамды жаман көрчү.

Дагы айтайын деген нерсем, негизи бийик адамдар ток пейил болот. Алар майда-баратка башын толтуруп кыйнала бербейт. Атама ашык оокаттын да кереги жок болчу. Ал киши жан дүйнөнүн “комфорту” менен жашады. 

Известный лингвист-переводчик, поэт Аалы Молдоканов
© Фото / из семейного архива Молдокановых
Тилчи-котормочу, акын Аалы Молдоканов көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.

— Эми сөздүн акырында, өзүңүздөрдүн үй-бүлөңүздөр тууралуу айта кетсеңиз?

— Менден улуу Адил деген байкемдин аты көп айтылбай жүрөт. Анткени ал атам студент кезинде төрөлүп, чоң ата, чоң апанын колунда өсүп калган. Азыр алты баланын атасы. Менин үч балам менен байкемдикин кошкондо ата-энемдин тогуз небереси бар. Атам апамды “Шүкүтай” деп эркелетчү. Атам экөөбүз аңгемелешип, кызуу маекке киргенде апам эч тоскоол болбой, акырын чайын алып кирип берип турчу.

Неберелери да азыр апамды “Шүкүтай” деп эркелетишет. Биздин үйдө стандарттуу эмес, башкача мамиле түзүлгөн. Азыр менден да апама кыйын болуп турат. Апам менен атам буга чейин он күндөн ашык ажырашып көрбөптүр. Экөө 47 жыл бирге жашады. Улуттук университеттин филология факультетинде таанышып, апам 18, атам 23 жашында баш кошкон экен. Атам таластыктардын тарс-турс, бетке чабар мүнөзүн жактырчу. Таякелерим менен дасторкон үстүндө саясаттан баштап санжырага чейин талашып-тартышып отурганды жакшы көрчү. “Апаңды так ошол мүнөзү үчүн алгам” деп койчу. Апама арнап ырларды да жазган.

Тема боюнча

Кемел Ашыралиев: кыргыздар жигиттин ким экенин ат жабдыгынан билген
Бообек Ибраевдин уулу Марат Ибраев: ата-энем мен үчүн көпкө урушуп жүргөн экен
Белгилер:
Аалы Молдоканов, Назира Аалы кызы, кыргыз тили, санжыра, ата-эне

ЭҢ МААНИЛҮҮ