Эмделгендиги тууралуу сертификатты кайдан алса болот? Электрондук даректер

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы вакцина алган адамга берилчү сертификат. Архив
Коронавируска каршы вакцина алган адамга берилчү сертификат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Республикалык штаб Калкты тейлөө борборлору COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат бербей турганын эскертип, ал жактан электрондук кол тамганы алса болорун белгилеген.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Республикалык штаб кыргызстандыктар эмделгендиги тууралуу сертификатты онлайн түрүндө кайсы жактан алса болорун айтып берди.

Сертификат бере турчу электрондук даректер:

Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар сертификатты vc.emed.gov.kg расмий сайтынын "Сертификат" деп аталган бөлүмүнөн ала алышат. Сурап-билүү үчүн телефондору: 0 (312) 660717, 0 (708) 857696);

Медициналык кызматкер коронавируска каршы вакцина менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет
Электрондук санарип кол тамгасын www.portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүү порталынан же TUNDUK мобилдик тиркемеси аркылуу да алса болот. Телефондору: 0 (312) 98 81 23 (кошумча 111).

Республикалык штаб Калкты тейлөө борборлору COVID-19га каршы эмдөө жөнүндө сертификат бербей турганын эскертип, ал жактан электрондук кол тамганы алса болорун эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0