Психолог жыйналбаган үй адамга кандай зыян келтирерин айтты

© Фото / Pixabay/ HansЖыйналбаган бөлмө. Архив
Жыйналбаган бөлмө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, үйдүн чаң басып турганын көргөн киши бул үчүн өзүн күнөөлүү сезип, мээсине "мен көп нерсеге жетишпейм, колумдан келбейт" деген ойду түйүп алат.

БИШКЕК, 31-июл. – Sputnik. Үйдүн ар дайым чачылып, чаң басып турушу адамдын өзүнө болгон баа берүүсүн төмөндөтүп, тынчсызданууга алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине психолог Надежда Двоскина айтып берди.

"Адам өзүн курчап турган чөйрөдө канчалык тазалык жана тартипти орното билсе, ишинде, жеке жашоосунда дагы бардыгы жайында болот. Биз үй жыйналбай калса эле жашоо бузулуп калмак беле деп ойлошубуз мүмкүн, бирок жашоонун ар тармагындагы ырааттуулук бири-бири менен байланышта болот", — деди психолог.

Энергияны үнөмдөөчү лампалар жана электр сайгычы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу
Адистин айтымында, үйдүн чаң басып турганын көргөн киши бул үчүн өзүн күнөөлүү сезип, мээсине "мен көп нерсеге жетишпейм, колумдан келбейт" деген ойду түйүп алат. Ошентип өзүнө болгон баа берүүсү, ишеними акырындык менен төмөндөп отуруп адам чүнчүйт.

Двоскина үй жыйноого атайын дем алышты бөлүп отурбай, күн сайын 1-2 сааттан кичинеден жумуштарды бүтүрүп коюуну сунуштайт. Адистин айтымында, бул учурда убакыт дагы, энергия дагы бир топ үнөмдөлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0