Милиция Бишкекте эки апта мурда жоголгон өспүрүм кызды тапты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
16 жаштагы кыздын жоголуп кеткендиги боюнча милицияга анын апасы билдирген. Ал 17-июлда түнү жумуштан чыккан бойдон үйүнө келген эмес.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте эки апта мурда жоголгон Каролина Бааль аттуу өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу баш калаанын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 27-июлда К.Н. аттуу бишкектик айым 16 жашар кызынын жоголгонун билдирип, аны табууга жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, кызы 17-июлда Сыдыгалиев көчөсүндөгү даректен жумушунан түнкү саат 00:00дө чыккан бойдон үйгө кайтып келген эмес.

Бул факты Ленин райондук милициясындагы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иши башталган.

"Бүгүн, 30-июлда, 19:00дөр чамасында Ленин райондук милициясынын жашы жете электер менен иш алып баруу инспекциясынын жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Д. Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде ал кызды тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Тартип сакчылары жашы жете элек балдардын коопсуздугу үчүн алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0