Селден улам Ысык-Көлдүн кээ бир жолдору убактылуу жабылды

© Фото / пресс-служба МЧСЫсык-Көл облусунда кечээ күнкү селге байланыштуу бир нече жол убактылуу жабылды
Ысык-Көл облусунда кечээ күнкү селге байланыштуу бир нече жол убактылуу жабылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
29-30-июлдагы нөшөр жергиликтүү жана эл аралык маанидеги жолдорду жууп кеткен. Буга байланыштуу тазалоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылып жатат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда кечээ күнкү селге байланыштуу бир нече жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол жана транспорт министрлигинен билдирди.

Аталган министрликтин алдындагы Жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн маалыматына караганда, 29-30-июлдагы нөшөр жергиликтүү жана эл аралык маанидеги жолдорду жууп кеткен. Алар:

  • Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун 19-25, 34-38, 40-42 жана 60-66-чакырымдары;
  • Кара — Талас — Туура-Суу жолунун 5-26-чакырымдары;
  • Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 60-65 жана 105-107-чакырымдары;
  • Жети-Өгүз — Кой-Сары жолунун 2-3-чакырымдары;
  • Каракол — Эңилчек жолунун 76-77 жана 131-138-чакырымдары;

Ведомство тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0