10:22 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска каршы эмдөө (252)
101 0 0

Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия. Препарат өлкөгө бекер берилди.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди.

  • В Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZeneca
    Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZeneca
    Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZeneca
    Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZeneca
    Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Эске салсак, буга чейин Азербайжан ушул вакцианын 40 миң дозасын гумжардам катары жөнөткөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • В Кыргызстан доставлена партия вакцины от коронавируса компании AstraZeneca
    Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 6
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы жеткирилди

Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.

Шведдик-британдык вакцинанын 226 миң дозасы алынганын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда бул препаратты 1200 адам алды. Эске салсак, буга чейин Азербайжан ушул вакцианын 40 миң дозасын гумжардам катары жөнөткөн.

Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт. 

Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (252)

Тема боюнча

QazVac вакцинасын жеткирип келген казак окумуштуусу препарат тууралуу айтып берди
Белгилер:
Кыргызстан, AstraZeneca, вакцина

ЭҢ МААНИЛҮҮ