БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктургандарга Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында 770 орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалымат бүгүн, 30-июль, саат 8:00гө карата берилди:
- Улуттук хирургия борбору — 17;
- Улуттук фтизиатрия борбору — 3.
- Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 33;
- №2 клиникалык төрөт үйү — 26;
- №1 шаардык клиникалык оорукана — 40;
- №6 шаардык клиникалык оорукана — 12;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
- Чүй облустук бириктирилген оорукана — 19;
- Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 40;
- Улуттук онкология жана гематология борбору — 39;
- Улуттук госпиталь: урология корпусу — 27;
- Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 28;
- Наркология боюнча улуттук борбор — 30;
- Аскердик госпиталь — 14;
- Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 199;
- Улуттук госпиталь: нейрокорпус — 59;
- Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 137;
- Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 30;
- КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 7.
Өткөн суткада 958 адам коронавирус жуктуруп, 1 485 бейтап сакайды. Тилекке каршы, он киши көз жумду.