MegaCom жана 3 банктагы үлүштү сатуу боюнча мыйзам долбоор парламентке түштү

© Sputnik / Жоомарт УраимовMegaCom компаниясын имараты. Архив
MegaCom компаниясын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Программа учурда парламентте жалпы жыйында каралып жатат. Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Байысов баяндама жасады.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. MegaCom компаниясын жана мамлекеттик банктардагы үлүштөрдү сатуу боюнча токтом долбоор Жогорку Кеңешке түштү.

Аталган программа учурда парламентте жалпы жыйында каралып жатат. Инвестициялар министринин орун басары Нурадил Байысов баяндама жасап, мамлекеттин төмөнкү менчиктерин сатуу сунушталып жатканын билдирди:

  • MegaCom соода маркасы менен таанымал "Альфа Телеком" компаниясынын акциясынын 100 пайызы;
  • "Кепилдик фондунун" 14,09 пайызы;
  • "Керемет банктын" 0,74 пайызы;
  • Евразиялык сактык банктын 76,56 пайызы.

Процедурага ылайык, бул программа Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилиши керек.

Активдер тууралуу кыскача маалымат

"Керемет банк" (алгач "Азия универсал банкынын" активдеринин базасында "Залкар банк" болуп түзүлүп, кийин "Росинбанк" болуп өзгөргөн. 2019-жылдан бери ушул аталышта) — негизги акционери Улуттук банк (97,45 пайыз);

Жогорку Кеңештин депутаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Акимдер чуусу. Депутаттар Жапаров сунуштаган 4 мыйзамды колдоого макул болду
"Кепилдик фонду" ААК — акцияларынын 85 пайызынан көбү Улуттук банкка таандык, калганы мамлекетке тиешелүү. Фонддун милдети — банктан насыя алууда чакан жана орто ишкерлик субъектилерине кепилдик берүү;

Евразиялык сактык банкы — банктын сайттагы маалыматтарына ылайык, акциясынын 66,6 пайызы Маммүлккө тиешелүү. Андан кийин фонд дагы 10 пайызына кошумча ээлик кылып калган. Ушу тапта банкта Убактылуу администрациянын атайын режими иштейт;

"Альфа Телеком" ЖАК — уюлдук оператор, акциясынын 100 пайызы Маммүлккө таандык. Компанияны сатууга бир нече ирет аракет болгон, бирок биринен да майнап чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0